www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өттү. Сотко мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков күч менен алынып келинди.

Ошол отурумда Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев журналистердин суроосуна жооп берип жатып, 386 миллионго 30 пайызы оңдоодон өткөн ЖЭБди Орто Азия боюнча эң арзан курулган долбоор катары белгиледи. Исаковдун адвокаты бул сөзү менен бүтүндөй кыргыз элин малга теңеди десек туура болот.

Анткени, билими бар, акыл-эси ордунда адам буга эч качан ишенбейт. Бишкек ЖЭБинен 100 млн. доллардан ашуун каражат уурдалганын жаш бала да билип калды. Бул акчаларды жабыш үчүн бир аттиштин баасын 600 долларга, 2-3 миң сомдук байкоочу камеранын наркын 14 миң долларга чейин кошуп эсептегенин элдин баары билип бүттү.

Ал эмес коңшулаш Тажикстан 240 млн. долларга Бишкек ТЭЦинен кем калбаган жаңы ишкана курганы баарыбызга белгилүү болду. Болгону уурдалган 111 млн. доллардын изин табуу иши турат. Мүмкүн тергөө органдары аталган сумма чет өлкөдөгү кайсы оффшорлорго которулганын аныктап койгондур. Андыктан Сапар Исаковдун адвокаты кыргыз элин койго теңебеши керек.

Последние новости