www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекини кабыл алды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Маэда Сигекини Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.  

“Кыргызстан Жапония менен өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген бардык багыттагы, анын ичинен экономика, маданият жана туризм тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар”, – деген Төрага экономикалык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине, айрыкча жеке ишкерчиликке тиешелүү шарттар толук пайдаланылбай жатканына токтолду.   

“Биздин өлкө инвестиция тартууну жана Кыргызстан менен Жапония ишкерлери ортосундагы соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүнү көздөйт. Андыктан, сиздин адискөй ишмердүүлүгүңүз, билимиңиз жана тажрыйбаңыз тышкы соода тармагыбыздын өнүгүшүнө, эки тарапатуу экономикалык байланыштарыбыздын жакшырышына өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигеки жылуу кабыл алгандыгы жана айткан куттуктоосу үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, кыргыз-жапон мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча элчилик милдеттерин толук аткарууга тынымсыз аракет көрөрүн кошумчалады.    

Ошондой эле жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жана эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости