www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-октябрда уланган Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурумга түшкү тыныгуудан кийин мурунку премьер-министр Сапар Исаков келип ушундай деп айтты.

Аталган иш боюнча Инара Гилязетдинова судьялык кылууда.

“Урматтуу сотко төрайымдык кылуучу, өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн көрсөтмө берүүгө даярмын”, - деген Исаков сотко ЖЭБди модернизациялоодо кеткен чыгымдардын коэфицентин чыгарып эсептеген Хафизов менен жасалма документ жасаган Асановду да алып келүүнү, себеби, дал ошолордун айынан алар күнөөлөнүп жатканын айтып, “Мени бир күндө алып келтирдиңер, ал эми Асанов менен Хафизовду бир айдан бери алып келе албай жатасыңар, бул укуктук башаламандык. Эми болсо Хафизов Кыргызстандан чыгып кеткен деп жатышат. Кандайча долбоордун адаптациясын жасап, андан соң долбоордук-сметаны түзгөн адам сотко келбейт? Биздин каржылык зыян кандайча эсептелгенин билүүгө толук укугубуз бар. Ырас, алар келбей турган болсо, анда чечим чыгарып бизди атып салгыла!”, - деди Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости