www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Нурмаматович Жолдошовдун «NazarNews.kg» сайтына маек берип учурдагы абал тууралуу кабарлады. 

- Кылычбек Нурмаматович, 2019-жылдын 9 айында Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын өздүк курамы өздөрүнө жүктөлгөн талаптарды так аткаруу максатында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында тиешелүү деңгээлде кандай иштер алып барылды?

- 2019-жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык Кодексинин 5-беренесине ылайык, электрондук маалыматтарды каттоо журналына (ЭМКЖ, ЖУИ) жалпы - 9078 окуялар, кылмыш жана жоруктар боюнча маалыматтар катталып, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) жалпы - 7123 маалымат которулуп, анын ичинен 3677 кылмыш жана 3446 жоруктар катталган.

Тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө 2019-жылдын 9 айында жалпысынан КЖБРне – 3568 сотко чейинки өндүрүш катталган, өткөн жылга салыштырмалуу +2193 сотко чейинки өндүрүшү көп катталган.

Ал эми Жеңил жоруктар иштери боюнча бөлүмдөрүнүн (ЖЖИББ) өндүрүшүндө 3446 материал КЖБРге катталып, жалпы 3679 сотко чейинки өндүрүш иши болуп, анын ичинен 382 иш соттун кароосуна жиберилип, 2472 иш кыскартылып, 65 кылмыш иши бириктирилип, 20 кылмыш иши токтотулган, кылмыштын бетин ачуу 77,5% түзгөн.

- Ушул тапта кызматкерлердин айлык акысы канча?

Бүгүнкү күнгө областыбыздагы кызматкерлердин орточо айлыгы буга чейин жалпыга маалым болгондой эле 8-12 миң сомду түзөт. Бирок, акыркы кабыл алынган «Укук коргоо органдары жөнүндө»  мыйзамдын негизинде айлык акынын көбөйтүлүшү күтүлүүдө. Тактап айтканда, кенже курам кызматкерлерине – 40%га, ал эми орто жана жетекчилик курамдын айлыктары  – 30% көтөрүлөт. Министрибиз генерал-майор Кашкар Астаканович Жунушалиевдин сентябрь айында Жалал-Абад областына болгон иш сапары учурунда, жер-жерлерде өздүк курам менен жолугууда ушул багытта терең жана жеткиликтүү кылып түшүндүрмө берген.

- Жалал-Абад облусу боюнча канча кызматкер бар?

Биздин областыбыз боюнча борбордук аппаратта  жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүдө жалпысынан – 1000ден ашуун кызматкер эмгектенишет. Баса белгилей кетишим керек, себеби азыркы учурда ИИОдо жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында штаттык өзгөрүүлөр киргизилип, натыйжада эл менен жакындан иш алып барган участкалык жана жаш өспүрүмдөр менен иштеген  инспекторлордун, ошондой эле тергөөчүүлөрдүн шаттык бирдиктери көбөйтүлдү.

- Чоң рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости