www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева Уландын бир күнүн эскерди.
“Уланга куран окутуп Азамат апасы жана бир туугандары менен келди. Анын көздөрү жанданып калыптыр.
Ким бирөө кайрымдуулук кылуу керек экенин сөз менен гана айтып коет. Ким бирөө кайрымдуулук ишин көпкө мактанып айта жүрөтт. А сен үчүн кайрымдуулук кылуу, жардам кылуу, адам көңүлүнө гүл өстүрүү кадимки жашоо эле. Сен баарын сүйүндүргүң келчү.
Былтыр ушул күндөрү Азамат Ысык-Көлдөн Бишкекке келген. Улан экөөбүз тең жумуштан суранып чыгып вокзалдан күтүп алдык. Анан биздин чакан үйгө келип, дымдама жасап, чай үстүндө көпкө сүйлөшүп отурганбыз. Улан, анын кызыгууларын, каалоолорун бир топко сурады. Анткени өмүр бою кулчулукта жүргөн балага паспорт алып берип, жумушка да орноштурам деген ниетте чакырган эле. Учөөбүз тамактанып бүткөн соң, Улан аны душка жуунтту.
Көз алдымда инисиндей карап, «Мен колдон келгенин баарын жасайм, бирок сен да тың бол өзүңө» деп насаат айтат. Бут кийими кирдептир аябай, Уландын бир батинкесин берсем эки размер чоң. Өзүнүкүн киймей болду, тазалап койдук. Ошентип аны эртенки күнгө даярдап алып уктадык. Эртеси Улан аны өзү менен кошо жумушка алып кетти. Түштөн кийин болсо паспорт беребиз деген кишилер менен жолугуп, баары чечилгенин кабарлап чалды Улан. Андан соң Азаматка жумуш издеп кетишти. Кечинде үчөөбүз кайрымдуулук концертине бардык. Улан шаан-шөкөттү жактыра бербесе да, Азаматтын кызыгып көрүп отурганын кыйбады окшойт, 12ге чейин концерт көрдүк. Түндө келдик үйгө. Таң менен Улан кесиптештери менен Ошко учмак, кийимдерин даярдайын десем «Каражан, Ошко барбайм, Азаматка жумуш табышым керек. Атайын чакырдымбы, бат бүтүрбөсөм жаным жай албайт» деди. Ошентип билети күйдү. Таң атпай кайра жумуш издеп кетти. 4 жумуш тааптыр, Азаматка бирин танда деди. Азамат үтүкчү болууну чечти. Жатаканасы, тамак-ашы, айлыгы да жакшы экен... Абалын сурап туруу үчүн эски телефонун берип, жайгаштырып келди. Ошол күнү Улан тынч уктады. Бул сыяктуу мемиреген уйку анын кыска өмүрүндө саналуу гана болду окшойт, деп эскерген Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева.
Булак: NazarNews.kg