www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы расмий Анкаранын журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар саудиялык жарандарды Түркияга өткөрүп берүү тууралуу талабын четке какты.

Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр 9-декабрда Перс булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Эр-Рияддагы саммитинде журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, өз өлкөсү Түркиянын талабын аткарбай турганын айтты.

"Биз өз жарандарыбызды экстрадиция кылбайбыз", - деди ал-Жубейр.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынан журналистти өлтүрүүгө шектүү кишилерди Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган.

Өткөн аптада Түркиянын соту “Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды камакка алууга ордер берген.

59 жаштагы саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген - деп жазат "Азаттык".

Саудия бийлиги Хашогжини өзүм билемдикке жол берген адамдар өлтүрүп алганын, бул окуя боюнча кеминде 21 саудиялык кармалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости