www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабияда жаңы кабыл алынган мыйзамга ыл айык, аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле чыга алышат. Эми 21 жашка чыккан кыз-келиндер өз алдынча паспорт алууга укуктуу болушту.
Талдоочулар жаңы мыйзам мамлекет үчүн чоң кадам экенин белгилешүүдө. Анткени бойго жеткен кыз-келиндер эркектер сыяктуу эле тоскоолдуксуз паспорт алууга мүмкүнчүлүк алды. Падышалык жарлыкка ылайык, паспорт алуудан тышкары аялдар жаңы төрөлгөн балага күбөлүк, нике күбөлүгү же ажырашуу боюнча документ алууга укуктуу болушту. Буга чейин аялдар эркектин (күйөөсү, атасы, агасы же баласы) уруксаты менен гана жогорудагы документтерди алышчу.
Сауд Арабия бийлиги ондогон жылдар бою коомдук жайларда аялдарга "абайя" көйнөгүн кийүүгө милдеттендирген. Ошондой эле алар бетин жапкан "никаб" дагы кийип жүрүшү шарт эле. Андан тышкары аялдар паспортко тапшыруу, чет өлкөгө чыгуу, банк эсебин ачуу же абактан чыгуу (жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жолдошу же баласы абактан алып чыгып кетиши керек) үчүн эркектин уруксаты керек эле. Бул система Жакынкы Чыгыштагы аялдар менен эрекектердин ортосундагы теңсиздикти пайда кылган.
Эки жыл мурун ханзада Мухаммед бин Салман "2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар" боюнча концепцияны жарыялап, бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөрдүн көбү бошоңдой түшкөн. 2018-жылдын июнь айынын тарта аялдарга айдоочулук күбөлүк алууга укук берилген
Сауд Арабиясынын королу 2018-жылдын июнь айынын тарта аялдарга айдоочулук күбөлүк алууга укук берген жарлыкка кол койгон. Ага чейин Сауд Арабиясы аялдарга унаа айдоого тыюу салган жападан жалгыз өлкө болуп келген. Мындай укук алууга умтулган аялдарды көп учурда камакка алышчу. Ал эми консервативдүү динчилдер аялдардын унаа башкарганына катуу каршы туруп келишкен.
Өлкөдө королдук үй-бүлө мүчөлөрү жана диний институттар "ваххабизм" деп таанылган исламдын агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турум эрежелеринен, кийинүү маданиятына чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө, албетте, аялдар туш болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»