www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес мурунку сүйүктүүсү канадалык поп-ырчы Жастин Биберди эмоционалдык зомбулук көрсөткөн деп күнөөлөдү. Бул тууралуу ал NPRге берген интервьюсунда билдирди.

“Мен зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп калгандыгымды сезип жатам”,- дейт Гомес.

Ырчыдан Жастин Бибер тарабынан эмоционалдык зомбулук көрсөтүлгөнүн тактаганда, ал ооба деп жооп берген.  

“Мен муну талкулап, өмүр бою мындай өмүр сүргүм келбейт. Мен айткым келет: Мен мурункудан да күчтүү болуп, мындан ары жөн гана алдыга умтулууну тандаганыма сыймыктанам”,-деп ырчы билдирген.

2019-жылдын октябрь айында Гомес Lose You To Love Me ырына клип тартып чыгарган. Анда ырчы Жастин Бибер менен болгон сүйүүсүн кыйытып өткөн. Ал “өзүнүн эмоциясын көргөзүү зарыл” болгонун белгилеген. Видео чыккандан кийин Жастиндин аялы Хейли Бибер социалдык тармактарга Саммер Уолкердин I'll Kill You  (“Мен сени өлтүрөм”) деген ырын жүктөгөн. Анын постун бул Гоместин клибине жооп деп кабыл алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости