www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшемби күнү, 7-майда, “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 800 турмуш-тиричлик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын күндөрүндө ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

 “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Элсом», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы»  МИ, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости