www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жогорку билими тууралуу диплому болушу керек. Бул тууралуу парламент 29-июлда кабыл алган шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамда жазылган.

Маалыматка ылайык, бул эреже бир мандаттуу талапкерлерге да, партиялык тизме менен ат салышкандарга да тиешелүү. Мандат алууга талапкерлер добуш берүүгө 40 күн калганда кирешелери, мүлкү жана жакын туугандары тууралуу декларация тапшырып, киреше булактарын көрсөтүүгө тийиш. Мурда бул нормалар жок болчу.

Белгилей кетсек, 28-июлда Садыр Жапаров депутаттар менен жолугушкан. Жыйынтыгында, бюллетендерге партиялардын аты-жөнү эмес тизмедеги талапкерлердин катар номерлери киргизилет. ЖКга ат салышып жаткан саясий уюмдардын мүчөлөрүнүн тизмелери шайлоо участкаларына илинет.

Партиялардан жана бир мандаттуу талапкерлердин катышышы да өзгөрүп, саясий бирикмелерге 54 мандат, өз округдарынан баргандарга 36 мандат берилди. Гендердик квота да кыскарып, шайлоо босогосу 5 пайызга чейин көтөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости