www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан Түркияга F-35 учактарын тапшыргандан кийин баш калаа Анкарага келгиси келгенин билдирди.

Албаниянын коргоо министри Отла Хачка менен АКШнын Коргоо министрлигинде жолуккан Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Америка-түрк кеңешинин 37-жылдык конференциясынын алкагында Вашингтонго барган улуттук коргоо министри Хулиси Акар менен өткөргөн жолугушуусуна баа берген Шанахан «Кайда туңгуюк бар, кантип чечебиз» деген суроого жооп издеп жаткандарын айтып: «Биз позицияларга караганда кызыкчылыктарга көбүрөөк басым жасайбыз»,-деди.

Шанахан эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда илгерилөө камсыздагандарын белгиледи.

Түркиянын стратегиялык өнөктөш экенин айткан АКШнын коргоо министринин орун басары: «Хулиси Акар менен жолугушуу мени кубантат. Түркияга биргелешкен чабуул коюучу F-35 учактарын тапшыргандан кийин аны менен жолугушкум келгенин айттым»,-деди.

Бул учурда Сириянын түндүгүндө курулуусу пландалган коопсуз аймак темасы күн тартипте туруктуу бойдон турат.

Пентагондун катчысы Чарльз Саммерс коопсуз аймак темасында Түркия менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн иштиктүү өткөнүн айтты.

Булак: trt

Последние новости