www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шевченконун беттешин түз эфирде каяктан көрсө болот?

Жекшемби, 17-сентябрда, Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешет.

Мушкерлер ушул жылдын мартында күч сынашып, натыйжада Шевченко муунтуу ыкмасынан улам жеңилип калган. https://twitter.com/ufc/status/1701995596247421189 Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу эле. Андан кийин Шевченко дароо эле реванш өткөрүүнү талап кылган.

Турнир каякта өтөт?

UFC Fight Night 227 турнири Лас-Вегаста болот. Шевченко менен Грассонун реваншы кеченин башкы беттеши болмокчу. https://twitter.com/ufc/status/1702421240873648372

Беттеш канчада башталат?

Расписаниеге ылайык, катардагы кармаштар Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 5:00дө башталып, 8:00гө чейин созулат. Кеченин башкы беттеши — Шевченко менен Грассонун октаганго чыгуу убактысы саат 9:00-9:30га туура келет.

Каяктан көрсө болот?

Көптөгөн телеканалдар жана онлайн-платформалар мушташты акы төлөгөн катталуучуларына түз эфирден көрсөтөт. Ал эми "Матч ТВ" жана "Матч! Боец" телеканалдары бекер эле көрсөтөрүн убадалап жатат.

Ошондой эле Setanta Sports телеканалы да кармаштарды түз алып көрсөтөт (кээде аны бөгөттөп коюшат).

UFC Fight Pass сайтында бардык турнирлердин трансляциясы бар, бирок аталган видеосервиске катталуу шарт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости