www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Олаф Шольц Канадага жасаган иш сапарынын алкагында орусиялык эмес, «маанилүү чийки затты» жеткирүү боюнча макулдашканы жатат. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.
«Канада Орусиядай эле жаратылыш ресурстарына бай, бир гана айырмасы - күчтүү демократия», - дейт Шольц.
Ал кошумчалагандай, Берлин жашыл суутек экономикасын куруу боюнча Оттава менен өзгөчө тыгыз иштешүүнү каалайт. Мындан тышкары канцлер суюлтулган жаратылыш газы, никель, кобальт, литий жана графит менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоого ниеттенүүдө.
21-августтан 23-августка чейин созула турган сапарда Германиянын канцлери Олаф Шольц Монреаль, Квебек, Торонто, Онтарио жана Канаданын башка шаарларында болот. Алдыдагы жолугушууда Шольц менен Трюдо ортосунда талкууланган темалардын арасында, атап айтканда, Украина жарыяланды.
Азыр Германияда кышында орусиялык газдын берилиши мүмкүн болгон токтоп калышына байланыштуу энергетикалык коллапс болжолдонууда. Экономика министри Роберт Хабек жана Федералдык электр тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер өлкө жарандарын акчаны үнөмдөө үчүн электр энергиясын керектөөнү азайтууга бир нече жолу үндөшкөн.
Булак: NazarNews.kg