www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин 26 жаштагы уулу Кадырбек Атамбаев кечээ жакында саясатка аттанганын шардана кылды.

Ал өз ою менен эмес, кимдир бирөөлөрдүн шыкагы менен ушундай билдирүү айтканы билинип турду. Биринчиден Кадыр Атамбаев саясатка аттанганда эмне өзгөрөт?

Ал жаш болсо, тажрыйба жок болсо, анын үстүнө атасы бир канча оор беренелер менен айыпталып камакта жатса анан кантип ал саясатта салмактуу саясатчыга айланып, кандай багытта иш алып барат?

Деги эле, Кадыр Атамбаевдын саясатка келүүсү кимге пайда, кимге упай алып келет? Бул жаш балакай кимдир бирөөлөрдүн акылы менен саясатка аттандым деп айтканы калпыстык. Анын саясатка аттануусу менен саясаттын көркүнө көрк кошулуп, ал жок болсо саясаттын тузу кем болуп калбайт да. Экинчиден Алмазбек Атамбаевди дагы жанындагылар шыкактап, «сиз кыйынсыз, баары сизден коркот, сиз менен биз чогуубуз» деп шыкактап жүргөндөр орго тыгып тынышты. Кана ошол шыкакчылардын бири УКМКнын имаратында Атамбаевдин иши каралып атканда басып барыштыбы? Кана ошол шыкакчылар азыр колдоп атышабы? Ушул сыяктуу эле Кадыр Атамбевди дагы шыкактап атып аңга тыга турган өңдөнүп калышты, деп "Де-Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости