www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык кеңеши кезектеги сессиясына чогулду.

Күн тартибинде муниципалдык менчикке байланышкан маселелер каралды. Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулу аталган жыйында баяндама жасады.

Анын сессияга катышуусу боюнча Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаты Казыбек Эргешов суроо узатты. Ал эске салгандай, Талант Рыскулбек «Көздүн микрохирургиясы» клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов менен биргеликте кылмыш иштеринин бирине катыштыгы бар.

"Жарандар муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысына кызыгып жатышат. Бүгүн анын укугу барбы бул жерде баяндама жасаганга? Сиз үй камагындасыз да?" – деп депутат Эргешов Рыскулбек уулуна кайрылды.

Талант Рыскулбек уулу ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн билдирди.

"Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мен үй камагында болчумун. Эми бөгөт коюу чарасы сыртка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү", — деди Рыскулбек уулу.

"Тагыраак айтканда, шеригиңиз (ред. Алмазбек Исманкулов) СИЗОдо, сиз болсо үй камагындасыз?

Талант Рыскулбек уулуна суроо бергенибиз туурабы? Кылмыш ишине тиешеси бар адам болуп турганда анын мындай стратегиялык объектилерге жетекчи болгонго укугу барбы?" — деп улантты депутат.

БШКнын төрагасы Кубанычбек Конгантиев Рыскулбек уулун эч ким кызматтан кетирбегендигин белгиледи.

"Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат, тактап айтканда, тергөө органы да аткаминерди ээлеген кызматынан четтетүү жана убактылуу кызматтан четтетүү боюнча маселе көтөрө элек. Ошондуктан, эгерде тергөөдө маселе көтөрүлбөсө, анда биз дагы суроо берүүгө укугубуз бар деп эсептейм. Функционалдык милдеттеринин алкагында бүгүнкү күндө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда", - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин СИЗОго киргизилген. "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын жетекчисине жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар "мыйзамсыз түрдө материалдык пайда жана башка жеңилдиктерди алуу максатында кылмыш иштерин жасаган" деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости