www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы “Орусиянын ардагерлери” партиясынын төрагасы Ильдар Резяповдун Ксения Собчактын Крымды ээлик кылуу жөнүндө айткан сөзү боюнча арызын карап чыгат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына түшкөн арыз алдын ала алынган далилдерди эске алуу менен каралып чыгып, профилдик бөлүмдүн кароосуна киргизилген.
Россиянын президенттигине талапкер Собчак 5-сентябрда украиналык “Новое время” радиосунун эфиринен эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртуу үчүн Крымды Украинага бериш керектигин айткан. Ошондой эле, Россия эл аралык мыйзамдарды бузуу менен Крымды өзүнө кошуп алганын жана аны кайтарып берүү керектигин кошумчалаган.
Собчактын Крым жөнүндө айткан сөзү орусиялык көптөгөн саясатчылар жана коомдук ишмерлер тарабынан катуу сынга алынган.
Булак: NazarNews.kg