www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү депутаттар кантип тазалайт?

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Комитет депутаттары «Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору менен ага байланыштуу «Ысык-Көл» биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдылоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө» мыйзам долбоорун 1-окууда талкуулашты.

Демилгечилердин бири Ысык-Көлгө коркунуч келтирип жаткан экологиялык көйгөйлөргө кеӊири токтолду. Анын айтымында, мыйзам долбоору «Ысык-Көл» биосфералык аймагындагы суу ресурстары менен экотутумду зыяндуу саркынды суулардан коргоого багытталган. Мыйзам долбоору менен 2021-жылдан тарта саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жок өнөржай, туристтик мекемелердин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу каралууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорун колдоого алып, жаратылышты, экологияны коргоого багытталган мыйзам демилгелеринин баарын системалаштыруу жана бириктирүү зарылдыгын айтты. Депутат Тынчтыкбек Конушбаев дагы мыйзам демилгесин колдоо менен Ысык-Көлдөгү моторлуу кайыктардын – скутер менен катерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле эл өкүлү элдин жаратылышка аяр мамиле жасоо маданияты менен экологиялык аӊ-сезиминин деӊгээлин жогорулатуу боюнча дагы иш-чараларды көрүү керектигин кошумчалады.

«Мыйзамды бир эле Ысык-Көлдүн эмес башка көлдөрдүн экологиясын коргоого дагы жайылтылгандай кылып жазуу керек. Маселен, Соӊ-Көл көлү дагы ар кандай булгануулардан жабыркап келет. Бул аймакка дагы канализация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу керек»,- дейт депутат Алтынбек Жунус уулу.

Комитет төрайымы Махабат Мавлянова мыйзам долбоору өз маалында кирип жатканын айтып, Ысык-Көл Кыргызстандын жүзү экенин, өлкөгө туристтерди тартуучу ажайып жай экенин баса белгиледи. Ошону менен катар төрайым мыйзам долбоору менен саркынды сууларды тазалоо боюнча ченемдерди бузгандардын жоопкерчилигин кароо механизмин киргизүүнү сунуш кылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости