www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда бычак менен жаракат келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майында Сокулук районунун ИИБ нөөмөт бөлүмүнө медициналык мекемеден Л.Я. аттуу жаран бычактан алган жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда Сокулук айылынын аймагында жайгашкан ишканалардын биринде, 1988-жылы туулган директор Л.Я. менен 1976-жылы туулган ошол ишкананын кызматкери В.Ц. ортосунда чыр-чатак чыккандыгы аныкталган. Натыйжада уруш чыгып, анын жүрүшүндө В.Ц. бейбаштык ниет менен бычак колдонуп, Л.Я.нын кол жана каптал бөлүгүнө дене жаракаттарын келтирген.
Окуядан кийин шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү В.Ц. аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Последние новости