www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук райондук ИИБ 1987-жылы туулган Усупов Руслан Рашитбековичтин жүргөн жерин аныктоого көмөктөшүүнү жарандардан суранат. Ал жакындары менен байланышы үзүлгөндүктөн издөөдө жүрөт.
Колдо бар маалыматтарга караганда, 2025-жылдын 6-январында Руслан Усупов Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жангарач айылындагы үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери жакындары менен байланышка чыккан эмес. Учурга чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Жоголуу фактысы боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш козголгон.
Сокулук райондук ИИБ жарандарга кайрылат: «Эгерде сиз анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз же аны 2025-жылдын 6-январынан кийин көргөн болсоңуз, тезинен кабарлап коюуну суранабыз. Маалымат берүү үчүн байланыш телефондору: 102 же 0508010882».