www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги акын, ырчы Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, саясий кырдаалды акындын көзү менен кароого аракет кылдык.
-Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго айткан сыны көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Атамбаевдин сыны орундуу болдубу же орунсуз болдубу?
-Бирөөгө сын айтаардан мурун алгач өзүн күзгүдөн жакшылап карап көрүш керек. Ошол Бакиевден калган жолду Жээнбеков кимден өткөрүп алды? Эгер, Атамбаевге Бакиевдин жолу жакпаса аны оңдоп, коррупционерлерден, жемкорлордон, ач көздөрдөн, сабатсыз атка минерлерден арылтып, башка жаңы системаны куруп, өткөрүп берип туруп анан сүйлөсө болмок. Өзү Акаев менен Бакиевден калган боткону ого бетер колго алгыс кылып чалып туруп эми сүйлөп турганын тарых да кечирбейт. Ичинде отурганда көрүнбөйт ошондой. Эми сыртка чыкканда байкап калыптырбы өлкө Бакиевдин жолу менен кетип бара жатканын. Кылым кечирбей турган кыянаттыкты кылган кишинин азыр бирөөгө акыл үйрөтүүгө моралдык укугу жок. Андан көрө жазуучулардын карызынан кутулсун.
-Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго болгон нааразычылыгын кандай кабыл алдыңыз?
-Атамбаевдин бирөөгө ыраазы болгонун көрө элекмин. Дайым эле кейип-кепчип, элди кагып-силкип эле келе жатат. Жээнбековду жөн эле колума куурчак сымал кармап алып көшөгөнүн артында туруп ойнотом деген максаты ишке ашпай, эми ага нааразычылыгы күчөп жаткандай. Ошого айласын таппай ар нерсе болуп, өзүнө келе албай жатат.
-Эми тирешкен эки президентти акылга чакырып, ким эпке келтире алат?
-Эпке келтирүү - деген сөз, жараштыруу деген сөз да туурабы. Эгер азыр экөө ымалага келип бир адам болуп калса, анда экөө тең чоң жегич катары кетүүсү керек. Болбосо, Жээнбеков Атамбаевди миллиондорду жеген жемкор катары эл алдында жүзүн ачып жооп берүүсүнө жетишүүсү керек. Бирок Жээнбеков бийлигинин күчү менен эмес тазалыгы менен жеңе алат. Таза эмес болсо эртеби, кечпи Атамбаевдин тагдыры башына келип калышы мүмкүн.
Элдин кубанганы, Жээнбеков Атамбаевдин арамдыгын байкап, анын бийлиги учурандагы былык иштердин бетин ачып жаткандыгы. Эми ушул ишинин аягына чыкса эле болду. Элдин колдоосуна ээ болгон, тарыхта кала турган кадамдарга баруусуна тилектешпиз.
Булак: NazarNews.kg