www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков сот тармагында кээ бир иштерге чекит коюлбай, судьялардын үстүнөн арыз көп түшүп жатканын айтты.

Соттук реформа боюнча кеңештин 27-декабрда өткөн жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сот органдарында мүлк талаш же башка бир чарбалык дооматтарга байланышкан кээ бир иштерге 10-15 жылдан бери чекит коюлбай келе жатканын сынга алды.

Президент Жогорку сот жоопкерчиликти өзүнө алуудан качып, татаалдашып кеткен иштерди кайра кароону жергиликтүү сотторго жиберүүнү адатка айлантып алганын билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сот тармагындагы кооптуу коңгуроо катары судьялар уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алып, алардын пайдасына чечим чыгарган көрүнүштөр арбын экенин белгиледи:

- Айрым соттор уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн чет элдик жарандардын жана инвесторлордун мүлкүн тартып алуу максатында мыйзамсыз чечимдерди чыгарган учурларга күбө болдук. Фемиданын кээ бир кызматкерлери соттун көз карандысыздык принцибин жоопкерчиликсиз мамиле катары кабыл алып, адилетсиз чыгарган чечимдери коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Мына ушуга байланыштуу көп арыздар түшүп жатат. Өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөр өлкөбүздөгү инвестициялык жагымдуулукту начарлатып, сырттан келе турган каражаттын азайышына себеп болууда. Анын жалпы экономикабызга залакасы тийип жатат. Биз бул жагдайларга өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Урматтуу соттор, эми мындайды токтоткула.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости