www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президент Сооронбай Жээнбеков Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван Дер Белленди Австрия Республикасынын Улуттук күнү менен куттуктады. БУл тууралуу Президенттик аппаратан билдирген.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Австрия Республикасынын Улуттук куну менен чын дилимден куттуктайм!

Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын, ЕККУ, БУУ жана башка кеп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттердин жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы учун, биз эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-австрия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда мындан аркы ийгиликтерди каалайм, ал эми достук Австрия элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости