www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз жеңишке  умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз!», — деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда XVIII Азия оюндарынын жеңүүчү спортчуларына жана алардын  машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана акчалай сертификаттарды тапшыруу  салтанатынын аземинде.

Мамлекет башчысы кайрадан салтанаттуу маанайда жолугушуу  чоӊ кубаныч тартуулап жатканын белгилеп, кыргызстандыктар эки ай мурда  спортчуларды Индонезиядагы Азия оюндарына жакшы тилектер менен узатканын эске  салды.

«Мекенибиздин 20 спорт чебери байгелүү орундарды жеңип алып, мамлекетибиздин  желеги эл аралык аренада желбиреди. Кыргызстандык спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, өлкөбүздүн кадыр-баркын бийик көтөрдү. Сиздердин жеңиштер менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат!», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков спортчуларды жеңиши менен куттуктады.

Президент алгачкы алтын медалды жеңип алган Төрөкан Багынбай уулуна, алтын жана күмүш медалга жетишкен Дарья Масловага, ар бир таймашында өлкөбүздүн атын улам даңазалап келе жаткан Айсулуу Тыныбековага өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге эң жаш спортчу — 19 жаштагы Акжол Махмудовго токтолуп, кыргызстандыктар  андан алдыдагы  олимпиадалык оюндарда  жеңишке жетет  деп ишеним артып жатканын баса белгиледи.

Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандын атынан 2008-жылы жайкы  Пекин шаарындагы XXIX олимпиада оюндарында катышып, өлкөбүзгө коло медаль алып келген Базар Базаргуруев бар эле. Арадан 10 жыл өтсө дагы адилеттүүлүк орундалып, чыныгы жеӊиш өз ээсин тапты.

«Кыргызстанда  эл спортту жакшы көрүп, спорт менен машыгып жүргөн жаштарыбыз көп болгону бизди кубандырат. Биз жеңишке умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз Талбаган эмгек менен машыгууларды улантыңыздар!», — деп үндөп келип, Президент Сооронбай Жээнбеков спортчуларга, аларды коштоп, дем берген бардык адамдарга — машыктыруучуларга, врачтарга ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкен ийгиликтери үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

«Даңк» медалына  менен джиу-джитсу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулу, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Каныбек Жолчубеков, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Дарья  Маслова, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Магомед Мусаев, аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова сыйланышты.

Бишкек шаарынын  Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун врачы Бактыгүл Алишевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Бир катар машыктыруучулар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамга  жана  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болду. Мындан тышкары спортчуларга, машыктыруучуларга жана врачтарга Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 125 000 сомдон тартып 2 миллион сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости