www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт.

Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти.

Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисиначуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагыбиримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл.

Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү (мындан ары — Комуз күнү) деп белгилөө;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Последние новости