www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жарандарыбыздын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналат. Биздин милдет — мындай абалды толугу менен өзгөртүү. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушууда.

Ал билдиргендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдө жазык-укуктук статистиканы түзүү үчүн зор мааниси бар Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин баскыч-баскыч менен киргизүү мерчемделүүдө.

«Ошондо Кыргызстанда биринчи жолу укуктук статистика бириктирилип, иреттелет. Келип түшкөн бардык маалыматтар суткада 24 саат бою чогултулуп, Бирдиктүү реестрге киргизилет. Бул укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга өбөлгө болот жана жарандардын укугун коргоонун деңгээлин жогорулатат», — деп баса белгиледи Президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости