www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку Соттун төрайымы жана Президенттин Аппараты министрликтерди, ведомстволорду максималдуу колдоп, өлкөнү санариптештирүү саясатын тездетүү керектигин баса белгиледи.
Ар бир министрден, ведомство жетекчисинен тартып катардагы оорукананын, мекеменин, мектептин жетекчилери санариптештирүү үчүн керт башы менен жоопкерчилик аларына өзгөчө токтолду.
«Коррупциянын негизги себепчиси болгон адамдар ортосундагы өз ара алаканы санариптештирүү гана жоё алат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимди аткаруунуу тездетүү деген талап — объективдүү факторлор менен шартталганын кошумчалады, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg