www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасына боло турчу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков Шахнай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бардык даярдык иштери мурда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле тышкы саясат ведомствосунун алдында турган учурдагы актуалдуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости