www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдагы президенттери менен жолугуп, өнүгүүнүн жолун бирге талкууласа болмок деген ойдо. Бул тууралуу ал бүгүн уюштурган пресс-конференциясы учурунда айтты. Анын баамында учурдагы президент мындан мурдагы өлкө башчыларынан айырмаланып турат.

-Азыркы тапта мени Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүп алды деп сын-пикирге алышууда. Мен беш президентти көрдүм. Алардын бири дагы ага карата сын айткандарды жактырган эмес. Алар андай адамдардан кутулуунун жолун издешкен. Ал эми учурдагы президент элдик курултайдын кеп-кеңештерин укту, - дейт Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Ошол эле учурда элдик курултай иштеп чыккан сунуштарды Жогорку Кеңештин айрым депутаттары четке кагып жаткандыгына нааразы экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости