www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Facebook компаниясы менен сүйлөшүп алганын америкалык финансист Жорж Сорос айтты.

Ал Трамп менен Facebook компаниясынын ортосунда “расмий эмес өз ара жардам көрсөтүү же макулдашуу бар” деп эсептейт. Сорос билдиргендей Facebook Трампка алдыда боло турган шайлоодон өтүүгө  жардам берет, ал эми Трамп Facebookту коргойт.

Ошондой эле анын айтымында, АКШ президенти өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн кызыкчылыгын курмандыкка чалып жатат. Бул тууралуу ТАСС Bloombergге шилтеме берип жазып чыкты.

Белгилей кетсек, АКШ президентинин адвокаты Рудольф Жулиан менен Соростун Украинанын газ рыногу үчүн күрөшүп жатканы маалымдалган. Жулиан Соросту АКШ менен Украинага каршы аракеттенип жатат деп күнөлөгөн.

Мындан сырткары, Сорос Трампка каршы миллиондогон “мигранттардын кербенин" колдонгон деп шектелген.

Ал 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодо Хиллари Клинтондун талапкерлигин колдогон. Сорос Facebook менен Google адамзат үчүн коркунуч деп атаган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости