www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баалардын өсүшү мыйзам ченемдүү, инфляция, базар экономикасы деген кептер бар. Айрым учурда «Базар баасын биз көзөмөлдөй албайбыз» дешет, Арийне, бизде Өкмөттүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги деген бакандай орган бар. Жетекчиси Шухрат Сабиров.

Бирок, бул монополияга каршы күрөшүү тармагыбыз өзү эмне иш кылат? Бар органбы же кагаз жүзүндө эле иш алып барган тармакпы? Маселе ушул жерде. Эгер мамлекетте бааны көзөмөлдөй албаса, анда бул органдын, анан да Шухрат Сабировдун бизге кандай зарылчылыгы бар?

Дегеле, элдин таламын талашып үн катканын көрө элекпиз бул тармактын. Баары түшүнүксүз кагаз жүзүндө жана жең ичинде жүргүзүлгөн макулдашууларга ыктаган бул орган өлкөдөгү бааны көзөмөлдөйбү же алчусун алып коюп эле үн катпай олтура береби?

Балким, Сабировдун санаасы жайындадыр, бирок, элдин санаасы жайында эмес болуп жатпайбы? Алсак, бүгүн кадимки өзүбүздөн өндүрүлгөн эттин баасы асмандап кетти.

Тиешелүү агенттик «эмне кымбаттап атат, ага эмне негиз болуп атат?» деген суроолорго жооп берип, жок дегенде элди алдап койбойбу? Же ушуга да Сабировдун акылы жетпейби?

Же бул эргул акча санап, ар жерде кумшекер, чайга, кум-цементке коюлган, күйүүчү майга коюлган, базардагы орундарга коюлган, жана башка ушу сыяктуу, кыскасы чөнтөгүнө акча түшүрө турган жаатты гана карап, элдин кызыкчылыгын эске албайбы?

Булак: “De-facto”

 

Последние новости