www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканы айтылды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат», — деп белгиледи. Бул тууралуу маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Өкмөт чечимди кабыл алууну 1 жылдан ашык мөөнөткө создуктурганын белгиледи.

»Мамлекеттик органдар бул үчүн күнөөнү бири-бирине шылтап жатышат. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат. Мунун кесепетинен, Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Укук коргоо органдарын реформалоого багытталган чаралардын Комплексин ишке ашырууну аягына чыгаруу боюнча  Коопсуздук кеңештин чечими азыркы убакка чейин аткарылбагандыгын, ошондуктан Премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичке Коопсуздук кеңешинин чечиминде белгиленген тапшырмаларды аткарбаган жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону өтүндү.

"Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарууну  координациялоо ишинин жоктугун, эч кароосуз калганын белгилей кетейин. Баарыңыздар тең Коопсуздук кеңештин чечимдеринен келип чыккан ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүңөр  зарыл», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости