www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдарга каталарга толгон китептерди эмес, заманбап билим берген сапаттуу китептерди беришибиз керек! Мына ушундай маселе, парламенттин бүгүнкү 31-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында көтөрүлдү.

Аны айтып чыккан Айсулуу Мамашева, “Сорос” фондусу иштеп чыккан информатика боюнча заманбап китепти, мектеп программасына тезирээк киргизүүнү дагы сунуштады. Депутат айымдын белгилөөсүндө, Кыргызстандын мыкты информатик адистери, ошол эле предметтен сабак берген мугалимдер бул китепке жогорку баа беришкен:

- Биздеги бюрократия аталган китепти мектеп программасына киргизүүдө көп убакытты алып жатат. Ушул информатика китеби 5-6-класстардын программасына кириш керек болчу. Мамлекет мындай китепти иштеп чыгууга жалгыз күчү жетпейт. Тилекке каршы, мындай сапаттуу китептерди өзүбүз иштеп чыга албайбыз. Анан эмне үчүн ушул эл аралык фонддор өздөрү жардамга келип жатса аны колдонбой, жаман кылып жатабыз. Ошондуктан тез арада бул китепти 5-6-класстардын программасына киргизип берүүңүздөрдү өкмөттөн суранам! – дейт Мамашева.

Ошол эле учурда Мамашева Билим берүү министрлигинин шалаакылыгынан улам учурдагы окуу китептери каталарга толгонун эскертти. Ага таянсак, каталардын кесепетинен улам окуучулар сапаттуу билимден куру жалак калышууда. Ал турсун дүйнөлүк стандарттан артта калып жатыптырбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости