www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь айларында  массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу КР жараны аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди. 

Такталган боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тез социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп туура эмес иш кылганын мойнуна алыды. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сурады.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө аны менен профилактикалык маек өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости