www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда, ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча сотто айыпталгандардын баш коргоо чарасын караган сот отуруму болууда.
Сот, чечим чыгарууга чыгып кеткенде соттолуучу чиновниктердин туугандары журналисттерге жулунган. Алар, айыпталуучуларды тасмага, сүрөткө тартпоо талабын коюп, уруш чыгарышкан.
Туугандардын бири:“Силер бизди тажаттыңар. Телефондоруңарды алгыла. Биздин ордубузда болуп калсаңар экен”–деп тилдеп кыйкырып, журналисттердин телефондорун тартып алууга аракет жасашкан.
Эске салсак, УКМКнын кармоо жайында мурунку премьер-министр Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергосектордун топ-менеджери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Булардын ичинен мурунку каржы–министри Ольга Лаврова гана үй камагында.
Жыйынтыгында, сот бардык айыпталуучуларды камакта калтырды.
Булак:NazarNews.kg