www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу. Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча кармалган. Ал эми1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости