www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ракета жана космостук спутник өндүрүүчүсү SpaceX Falcon 9 ракетасы менен 60 интернет спутнигин космоско жиберди.
Фирманын социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен берилген маалыматында спутник аркылуу интернет менен байланышуу долбоору Starlink үчүн 60 спутниктин АКШнын Флорида аймагындагы Cape Canaveral космостук базасынан ийгиликтүү учурулгандыгы билдирилди.
SpaceXтын куруучусу жана жогорку мартабалуу башкаруучусу Елон Муск андан мурда берген маалыматында Starlink долбоорунун негизинде космоско жибере турган интернет спутниктеринин саясында дүйнөнүн бардык жеринен интернет менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылгандыгын белгилеген.
SpaceX Starlink долбоорунун негизинде 12 миң интернет спутнигин учурууну пландап жатат. Долбоордун 2027 - жылы аякташы күтүлүүдө.
Булак: "trt.net.tr"