www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримтөбөл Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткен жаңылык так ошол учурда көпчүлүктүн оозун ачырса, эми атпай журтту таң калтырып турган чагы.
Анткени Батукаевди өлкөдөн качырып жиберген аткаминерлер элиталардын көпчүлүгү темир тор артына кетип, калган тизмедеги күнөөлүүлөр жакасын кармап, тообосуна таянып олтурат.
Ошентип, Ордодогу оюндан от чыгып Батукаевдин артынан 5 медицина кызматкери камалып, шектүү катары кармалган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева соттун чечими менен убактылуу 26-июнга чейин үй камагына чыгып, ордуна Шамил Атахановду таштап кетти.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Батукаевдин артынан камалгандардын көпчүлүгү, суракта күнөөлүү катары тике буйрук берген ошондогу Башкы прокурордун орун басары Людмила Усмановага такаган.
Усмановага эмне себептен кылмыш иши козголбой, ага кимдер “крыша” болуп жаткандыгын жакынкы аралыкта жар салабыз. Кызыгы, бийлик алмашканы менен мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын кадрларынан дагы эле айрыла албай турганын изилдеп көрүү абзел.
Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрелде ак кан илдетине чалдыгып анын өмүрү аз калган деген шылтоо айтып, Нарын шаардык соту мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуп, чартердик аба каттамы менен Чеченстанга учуруп жиберген.
Батукаев качып кеткенден кийин Ак үйдө Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик абройлуу кызматта тургандар Башкы прокурор Аида Салянова баш болуп, акыйкатчы Турсунбек Акуну төш болуп, жаагы талыганча, тамагы айрылганча Батукаевди актаган.
Бактыга жараша быйыл жыл башында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши кайра жанданып, кайра камала тургандар кезекте турат. Алардын бири эгерде мурдагы прокурордун орун басары Усмановага кылмыш иши козголо турган болсо, тез арада эле Аида Салянова садага чабылып, темир тор артына кетет.
Булак: NazarNews.kg