www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот-укуктук реформанын алкагында иш чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү 24-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары каралды.
Атап айтканда, Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү тууралуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары, айрым мыйзамдардын реформанын концепциясына шайкештиги жана 2019-жылдын аягына чейин биргелешкен аракеттердин кошумча пландары жөнүндө маселелер талкууланды.
Булак: NazarNews.kg