www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө, Япониянын жаңы королунун кабыл алган алгачкы чет элдик коногу болду. Токиодо өткөн аталган расмий жолугушууну  NHK каналы түз алып көрсөттү.

Американын президентин тосуп алууда сарайдын алдында кызыл килем төшөлүп, атайын кайтаруу коюлган. Эки өлкөнүн гимни ойнолду. Андан кийин, эки өлкөнүн лидерлери жубайлары менен учурашты. Кечинде Трамп жубайы менен сый тамакта кабыл алынды.

Нарухито – чет жерде билим алган алгачкы жапон монахы. Ал британдык Оксфорддо окуса, анын жубайы Масако Гарвардда билим алган.

Император Нарухито тактыга 1-майда келип, ошол күндөн баштап Японияда башкаруунун жаңы этабы башталды.

Маалыматка ылайык, Трамп аталган визитте Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушкан жана бир катар кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости