www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭКСПО "Кытай – Евразия: товарлар жана соода — 2023" көргөзмөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстан "Мыкты делегация" сыйлыгына ээ болду. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын ишканаларын эл аралык соода тармагында ийгилик коштоп, ар түрдүү товарларды экспорттоо боюнча келишимдер түзүлгөн.

Эң маанилүү жетишкендиктери болуп төмөнкүлөр саналат:

кыргыз балынын жогорку сапатын жана дүйнөлүк рынокто анын жагымдуулугун тастыктаган жалпы суммасы 500 миллион сомдон ашык табигый балды экспорттоо боюнча түзүлгөн келишимдер;

20 миң тонна балык жана балык продуктуларын экспорттоо макулдашылды, бул өлкөдөгү балык чарбасын жана анын экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат;

экспортко 100 миң тонна эт жөнөтүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул Кыргызстандын эт азыктарынын сапатына болгон ишенимден кабар берип, өлкөнүн эт тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Олуттуу макулдашуулар жана келишимдер Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт. EXPO China – Eurasia Products and Trade 2023 көргөзмөсүнө катышуу жаңы бизнес-байланыштарды түзүүгө жана соода өнөктөштүгү географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түздү", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын көргөзмө павильондору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган. Катышуунун негизги максаты ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна жылдыруу болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости