www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрдын түнүндө борбор калаабыздын чок ортосунан кыргыз элинин белгилүү кашкөй инсаны Болот Шамшиевдин өздүк унаасын түн жамынган каракчылар эшигинин алдынан айдап алып баса беришет. Кезегинде ааламдын алп инсаны Чыңгыз Айтматовдон белекке алган машинасынын уурдалганына бир эсе ызаланган Болот аксакал дароо бул иш боюнча өлкө башчысы менен коопсуздук кеңешине дейре арызданат. Уурдалган машина эртеси Чүй облусунун Молдовановка айылынан өрттөлгөн тейде табылган. Белгилүү аксакалга байланышкан мындай жагымсыз окуя коомчулукта тез эле резонанс жаратып, эл ичинде уу-дуу күбүр-шыбырлар күчөй баштайт.
Өлкөбүздүн борборунда катталган мындай ишти баш калаабыздын башкы милициясы Сталбек Рахманов дароо өз көзөмөлүнө алып, атайын буйругу менен Свердлов РИИБинен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тез аранын ичинде кылмышкерлер изи сууй электе кармалат. Учурда кылтакка илинишкен эки аяктуу адам сымалдардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп, катталган кылмыш иши боюнча далил буюмдар алынганы маалым болду. Б
аса, өткөн саныбызда баш калаабыздын Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан жаңы мечитинен жума намаз учурунда катталган жагымсыз окуяларды тизмектеп, анын баарысын дал ушул шаардык милиция башчысынын назарына сунуштаганбыз. Сын макалабыз жарык көрөрү менен Рахманов дароо ишти өз көзөмөлүнө алып, жума намаз күндөрү Свердлов РИИБнин кызматкерлерине мечитке келген жарандардын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды.
Ошентип, адилеттүү сыңдан жыйынтык чыгарган Рахманов ишбилгилиги, күн-түнгө карабастан мээнеткечтиги менен элдин батасына арзып, кадыр-баркы, канат-бутагы кеңейип бараткан кербези. Өсө берсин!
Булак: "Азия ньюс"