www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, Саймаитиге атылган ок жөн атылган жок. Бул деген батыштын атайын кызматтарынын тымызын иши. Тоту куштай ушу тапта “Азаттык” жанагы 700 миллионун көтөрүп чыгып, Алисин атка миндирип чаап чыга келишкени да жөн эмес. Баары пландаштырылган, - деп жазып чыкты "Кабар инфо" гезити.
Эгерде болуп жаткан жагдайга чыныгы көз караш менен сереп салчу болсок, кытайлык ишкердин өлүмүн алар Кыргызстандагы абалды туруксуздаштырууга багытташып, анын туу чокусун шайлоого белгилеп жатышат. Кала берсе Мадумаров “шайлоо биз айткандай өтпөсө, ал революция менен бүтөт” деп көзү ачыктык да кылбайт болучу. Ушул эле ойду Текебаев да кайталаганы кызык.
Эми көктөн жерге түшөлү да, бир аз мобу башты ары-бери тоголотуп көрөлү. Саймаитинин өлүмү тууралуу маалымат тарап-тарабай бардык фейктик, бакиевдик, АШАлык либералдык коомчулук, батышка ыктаган келесоолор түшүнөн чочуп ойгонгонсуп, муштарын түйүп көчөгө чуркап эле чыгышты. Ушул өлүмдү күн алдын билишкен сыягы деп да ойлоп калдык. Анткени, баары бир ирмемде түп көтөрүлө жүгүрүп чыгышты ооздорунан ак-кара ити кирип чыгып. Андан да кызыгы, ушулардын баарынын сөзү да, ою да, башкасы да бипбирдей, опокшош, бул деген саясий өлтүрүү деп жер тепкилеп киришти. Күнөөлүү кимдир бирөө эмей эле, кадимки президент Жээнбеков жана анын айланасындагылар. Бүттү. Чыбыкка бүтүмдү урушуп ай-ааламды жарып, тытып калышты.
Албетте, апенди деле мындай жоруктан качмак дешиңер мүмкүн. Балким ошентмек. Бирок бул ыкма качантан бери иштеле берип амалиятта да, назариятта да сыналып бүткөндөрдөн. Соцтармактар күнү-түнү ургулап согуп, маалымат согушун жарыялап, эй президент баарына сен күнөөлүүсүң, буйрутмачысы сенсиң.. деп какшап жатса... көчөдө томолонуп жаткан катуу мас деле “эхе, шол күнөөлүү” дейт да кулагынын кужурун тынчытыш үчүн.
Эми кайран башты бир силкип алып туруп, сергек көз караш менен ой жүгүртүп көрөлү.
Оболу эле эске Раим-миллион түшөт. "Азаттык” артынан сая түшүп, Оштогу үйүнө дронун көтөрүп алпарып учруп тартып, аңдып жанын койбогон жанына Саймаитинин өлүмүнүн кереги бар беле, дегеле кызыкчылыгы болгонбу? Экинчиден, Саймаитини коомдук жайда жайлап жатышпайбы элдин көзүнчө. Кыргыз консулунун унаасы (номери жасалма болсо да)... унаанын ачкычы Сайматинин чөнтөгүндө... Демек, президент жана анын командасы күнөөлүү. Бүттү.
Бул өлүмдү сөзсүз саясий буйрутма катары сыпатташып, жанын сабаша тургандыгын алгачкы эле ирмемдердеги фейктер баарыбызды ынандырып койду. Кала берсе жан алгычтардын тажрыйбасы жоктугуна көңүлүн буруп жатышканын карабайсыңарбы. Бул деген “кыргыздар кала берсе көзгө атар жалданманы табууга да акыл жетпейт” деген бүтүм чыгарганга себепчи болуп жатпайбы. Кала берсе трагедиядан да пайда алып калууга болгон эле кадам.
Бирок, бир нерсени ачык айтып коюу абзел: жан алгычтар окту дененин кайсыл бөлүгүнө атууну, качан, кантип жана канчага чейин жашаганына чейин тыкыр пландаштырышканы сопсонун эле көрүнүп турат.
Мына ушундай “будум чаңда” эл аралык мамилелер боюнча эксперттер оозуна талкан салып алышкансып “лям” дешпей турушат. Бирок бул “оюнга” батыштын атайын кызматтары аралашканын билишет жана ал тууралуу ооз ачууга даай алышпайт. Анткени, Кыргызстандагы кезектеги төңкөрүштүн башталышы ушул дегенсип, чечүүчү кезди парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болжолдоп коюшкан.
Анткени, Раим-миллиондун шайлоого катышууга толук мүмкүнчүлүгү бардыгын, ал деле башка капчыктуулардай шайлоого катуу даярдык көрүп жүргөнүн билишет. Мындай жараян АКШда, Орусияда, башка өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш экенин гана унутуп коюшкан. Албетте, “Восток - дело тонкое” дегенге шылтоолоп келишкени жөн эмес.
Демек, Раимди көтөрө чабуунун акыркы бир жолу да кудум ушул өлүм болчу. Эми баарын ага жүктөшүп, буйрутманы кудум Раим берген дегенге желимдей жабышып жатып калышат. Соңунан котур ташты президентке ыргытышат. Карагыла, Раимдин арылышкыс жубу Жээнбеков дегенге акылдары жетип эле турат.
Батыш Жээнбековду Орусия жана Кытай менен кызматташып кеткени үчүн кечире албай жатат. Ошон үчүн минтип ар кандай операцияларды ойлоп табышып, жүзөгө ашырып келишет. Саймаитинин өлүмү акыркы былгытма чагымдары эмес. Аны улантышат. Каражат бар, кара күчтөр толтура. Шылтоо да даяр. Шайлоо келатпайбы. Бир тарап сөзсүз нааразы болот да.
Демек, бийлик калың журтка таянып шайлоону адилет өткөрүшү учурдун зарыл талабы. Ошондо шаабайлары сууйт, бирок тынчышпайт... Бөрү баласы адам болбойт дечү беле.. И-и.. куудум ошондой.
Булак: NazarNews.kg