www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жазуучусу Султан Раев «Топон» романы үчүн «Алтын калем» эл аралык сыйлыгына татыды. «Алтын калем» эл аралык сыйлыгы жыл сайын орус тилинде жарык көргөн эң мыкты чыгармаларга ыйгарылат.

Бул кадыр-барктуу эл аралык адабий сыйлык Москвадагы адабий шериктештик тарабынан эл аралык калыстар тобунун чечими менен берилет.

Султан Раевдин «Топон» романы буга чейин дүйнөнүн бир катар тилдерине которулуп, италия, венгер, орус, азербайжан, казак жана өзбек тилдеринде басылып чыккан.

Мындан тышкары, Султан Раевдин «Топон» романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста Гран-приге ээ болгон. Жазуучу ошондой эле Генрих Сенкевич атындагы (Нобель сыйлыгынын лауреаты) сыйлыктын лауреаты наамына татыган.

Буга чейин бул сыйлыкка АКШ, Германия, Франция, Кытай жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучулары ээ болушкан.

Последние новости