www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк социологиялык сурамжылоого катышкан респонденттердин 88,1% Кытайдын акыркы үч жылдагы COVID-19 эпидемиясынын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жетишкендиктерин жогору баалашты. Муну CGTN аналитикалык борбору менен Кытайдын Жэньмин университетинин коомдук пикир институту биргелешип жүргүзгөн глобалдык сурамжылоонун маалыматтары тастыктайт. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди

Бул сурамжылоого катышкандардын арасында 21 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана Италия бар. Соңку үч жылда Кытай “Биринчи кезекте эл, биринчи жашоо” принцибине ырааттуу түрдө карманып келет. Өлкө алдын алуу жана инфекцияны көзөмөлдөө чараларын тынымсыз өркүндөтүп, дүйнөдөгү эң ири эмдөө кампаниясын баштады, калктын аярлуу катмарына кылдаттык менен колдоо көрсөттү, өлүмдүн көрсөткүчтөрүн жана оор оорулардын учурларын натыйжалуу көзөмөлдөп турат.

Бүгүнкү күнгө чейин, COVID-19дан каза болгондордун жалпы дүйнөлүк саны 6,63 миллиондон ашты, ал эми Кытайда COVID-19 өлүмүнүн деңгээли жана оор учурлардын үлүшү дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн арасында калууда. Сурамжылоого ылайык, дүйнө жүзү боюнча респонденттердин 88,1% Кытайдын эпидемияны алдын алуу жаатындагы иш-аракеттеринин натыйжалуулугун моюнга алышкан. Азияда, Африкада жана Латын Америкасында алардын саны 93,4 процентке жетти.

Сурамжылоого катышкандардын 71,6% Кытайдын COVID-19га реакциясын илимий ыкманын негизинде жана өзгөрүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга ылайык динамикалык түрдө өзгөртүү стратегиясын жактырды.

Кошумчалай кетсек, дүйнө жүзү боюнча респонденттердин 76,2% Кытайда COVID-19 көзөмөлүнүн А категориясынан В категориясына түшүрүлгөнгө чейин жүргүзүлгөн даярдык иштерин жогору баалашкан, ошол эле учурда Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүндө мындай пикирдеги респонденттердин үлүшү 82,5%га жеткен.

Белгилеп кетсек, тийиштүү даярдык көрүү боюнча милдеттердин катарына ысытма менен ооруган бейтаптар үчүн тез жардам бөлүмдөрүн ачуу, реанимация бөлүмдөрүндөгү керебеттердин санын көбөйтүү, оор дартка чалдыккан бейтаптарды медициналык ресурстарга өз убагында жеткирүү жана башкалар кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости