www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен мечитке барып жүрөм, намаз окуйм же балам же кызым намаз окуйт» деген түшүнүк адамдын жакшы сапаты сыяктуу болуп калды. Мындай пикирин профессор Айылчы Сарыбаев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

-- Айылчы агай, Кыргызстанда оронуп жоолук салынган ырчылар, жапжаш кыздар көбөйдү. Ар бир үйдө хиджаб, паранжы кийген кадыресе көрүнүшкө айлана баштады. Кыргызга жат көрүнүш эмне үчүн акыркы мезгилде күч алды?

-- Аялдардын, аларды туурап жаш кыздардын ар кандай түстөгү жоолук салынышы, хиджаб кийиши элибиздеги жакырчылыктын айынан жана билим деңгээлдин төмөндүгүнөн болуп жатат. Рыноктук же ачыгын так айтсак капитализмдин заманында коомубуздагы терс көрүнүштөр күч алып, айрымдар айласыздан ар кандай диний багыттарга кайрыла баштады. Бул кийимдерди кийсек капитализмге же чыгыштын азыркы кездеги теӊирден тескери көрүнүштөрүнө каршылык кылабыз, бул кийимдер аркылуу мен Кудай деген таза жанмын дегенди да түшүнсөк болот. Себеби, ар кандай көрүнүштөргө ар кандай себеп болот. Ошол себептердин бири коомубуздагы социалдык чоӊ ажырым-байлар жана жардылар, чоӊдор жана байкуштар, жумушсуздук, турмуштагы оор айласыздык жана башкалар себеп. Айтор «мен мечитке барып жүрөм, намаз окуйм же балам же кызым намаз окуйт» деген түшүнүк адамдын жакшы сапаты сыяктуу болуп калды. Бирок бул дагы коомдун жакшы жака өзгөрүшүнө жараша өтүп кетет.

-- Акыркы мезгилде арабдардын атын жаңы туулган ымыркайларга ыйгаруу да адатка айлана баштады. Буга кандай мүнөздөмө бересиз?

-- Аттарын арабча кою деле ошол диний агымдагы аалымдардын атын койсок балам бактылуу болобу деген кыял. Биз деле убагында Алтынбек, Алмазбек, Асылбектерди, Марлис, Мэлистерди ошондой адамдардан болсо экен деп койчубуз. Демек коомго жараша ат кою десек болот.

-- Эркектин манкурттугунан да, аялзаттын манкурттугу коом үчүн чоң азап деген ойлор айтыла баштады. Бул боюнча кандай пикирдесиз? Аялдар караңгылыгынан хиджабды кийүүнү адатка айлантып жатышабы же алар кимдир бирөөнү азгырыгына азгырылып жатышабы?

-- Кандай кана коом болбосун, өзгөчө теӊсиздик заманда аялдар биринчи кор болушат. Алсыз, колдоочусу жок, жумушсуз, билимсиздик аялдардын арасында көп болот жана ошол сиз айткан маӊкуртчулукка же жан кечтиликке алып келет. Анын үстүнө жаштарыбыздын баары мигрант болуп кетип, үй-бүлөлүк мүмкүнчүлүктөр чектелип калган мезгил да аялдарды ар кандай жамандыктарга оголжо болууда. Бул жаман жат көрүнүштөр да өтөт. Себеби Кыргыздар каны таза, пейли таза эл. Тынчылык, токчулук жана теӊчилик болсо эле мындай көрүнүштөрдөн арылабыз. Албетте азгырыктар аябай көп дечи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости