www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө шаарчасынынын жашоочусу Анара Бусурманова NazarNews.kg маалымат агенттигине көз жашын көлдөтүп укук менен сот тармагындагы адилетсиздикти айтып арызданды. Айтымында 1993-жылы 24-декабрда туулган уулу Мирбек Сокурбашевди достору мыкаачылык менен өлтүрүп, тоого таштап кетишкен.

--Анара айым, окуянын чоо жайын айтып берсеңиз.

--Бул кандуу окуя 2017-жылдын  24-январда болгон. Токтоглу районуна караштуу Ничке-Сай айыл аймагына караштуу “Турук” кыштоосуна уулум Мирбек Сокурбашев, Амангелди уулу Азамат, Алмазбек Бугубаев, Набатбек уулу Алинур болуп аттарын минип тоого чыгышкан. Жердик жайлоосуна барганда уулум Мирбек менен барып ич ара келишпестик чыгып, баламды сабап өлтүруп салышкан. Анысы аз келгенсип, баламды өлтүрүп алгандан кийин ошол мезгилдеги абанын температурасы эң төмөндүү түзгөн ээн талаага кар менен үстүн жаап кетип калышкан. Ал тургай уулумду менин баламын өлүмүнө шектүү жаран Набатбек уулу Алинур 2017-жылдын 24-январына караган түнү токмоктошуп, өзүнүн минген аты менен 15 метр аралыкка чейин сүйрөп барып таштаган. Жыйынтыгында уулум сууктан улам каза тапкан. уулу кылмышка шектүү деп Убактылуу камалып эки айдан кийн камактан чыгып кетти. Мына соттордун укук коргоо органдарынын бети жоктугу.

--Тиешелүү органдарга кайрылдыңызбы дегеле соттук-медициналык экспертиза кандай жыйынтык чыгарды?

--Кайрылбаган жерим калбады. Район, олбус, кыскасы мен кат жазбаган жер калбады. Сиз айткан медициналык  соттук-медициналык экспертизанын 2017-жылдын 27-январында №5-корутундусунда уулумдун денесинен алган жаратынан улам катуу мокок нерсенин таасиринен болгондугу, ал саламаттыгынан кыска убакытка бузулушуна алып келбеген жеңил жарат алгандыгы аныкталгандыгы жана ал сууктан тоңуп каза болгон калган деп теңирден тескери жыйынтык чыгарып колума карматты. Мен зар какшап ыйладым. Өкүнгөнүм ушул эле корутундулар медицианлык-экспертизанын №163, №318, 2018-жылдын 20-мартында кошумча комплекстик соттук-медицианлык экспертизанын №131 сандуу кортундуларында аныкталган. Бирок мына сүрөттөрдү көрүп турасыңар, баламды сабап өлтүрүп койгону билинип эле турат. Какшаганда ошол экспертти Кудайга койдум деп ыйлачумун, азыр ашказанынан рак болуп, эки жолу инсульт алды. РИИБ башчысы Рыспек Ашыралиев кызматынан айдалды.

--Экспертизадан кийимдерден кан чыккан жокпу?

--Соттук-медициналык экспертизанын биринчи кортундусунда тергөөчү Айбек Ажибаев көрсөтмөсүндө уулумдун өлүмүн экспертизасын жашырып, биринчи жөнөткөндө кандарын гана текшерилген, кийимдерин мен чыр салганда гана кайрадан комиссиялык соттук-медициналык экспертке жөнөткөнбүз. Ошондо гана 2017-жылы 5-мартта менин салган ызы-чуумдан уулум Мирбектен алынган курткадан, көйнөктөн, кофтадан алынган кандар уулумду өлтүргөнгө шектүү деп убактылуу кармалган Набатбек уулу Алинурдун канына дал келген. Экинчи түзүлгөн эксперт гана өлүктү сойгондо баламды сууктан тоңуп өлгөн эмес, “соккудан” жан берген деп айткан. Эксперт Исаков.М болсо, “сууктан тоңуп каза болгон адам тилин тиштебейт, “поза” боксёрго окшоп бүктөлүп калат, бул жигит узун түз болуп жатат”, деп көрсөтмө берген.

--Сиз айткан кылмышка шектүү Амангелди уулу Азамат, Алмазбек Бугубаев, Набатбек уулу Алинур учурда Кыргызстанда элеби?

--Ооба көк бөрүгө катышып, калк арасында эле жүрөт. Үчөөнө тең кылмыш иши козголушу керек болчу да. Токтогул райондук сотунун судьясы Н.Сөлпиева Набатбек уулу Алинурдун кылган иши оор кылмыштын катарына кирсе дагы, адам өлүп жатканына карабай баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка албастан, баш коргоо чарасын эч жака кетпей турган кылып өзгөртүп ал азыр сыртта жүрөт. Чындык кайсы жакта. Мен учурда КР Президенти Сооронбай Жээнбековдо гана үмүтүм калды. Калган ачуу чындыкты жапкандар менин балам кандай азапты тартып өлсө ошондой өлүмдү каалаймын. Менин үнүм, көз жашым катылган чындык президентке гана жетсе деген үмүтүм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости