www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Эркежан Исаковага белгисиз адамдар кесилген иттин башын жөнөтүштү. Бул тууралуу Исакова кечээ, 28-октябрда өзүнүн Facebook  баракчасына жазып чыкты.

Эркежан Исакованын айтымында:

"Баш кесмек бар, тил кесмек жок"

Сураныч, толук окуп чыгып, табаа эмес тобоо кылып анан пикир калтырыңыздар!

Кечээ, кечке маал мага Бишкек шаарынан "посылка" келди. Кутучага салынып, шөкөттөлүп, скотч менен айда оролгон экен. Ичинде белгисиз бир жандыктын (мыкаачылык менен кесилип, тили чыгып калган!) баш сөөгү болуп чыкты..,

Эми мындай туугандар, чынында көзүм көрүп, кулагым укканды, анын ичинен элдин көйгөйүн, өзүм жашаган коомдогу болуп жаткан туура эмес көрүнүштөрдү,  коррупция аралашкан иштерди, саясий өңүттөгү сын-пикирлерди коомчулукка, социалдык тармактарга блогер катары ачык билдирип жүргөнүм чын.

"Баш кесмек бар, тил кесмек жок"-демекчи, мен муну менен позициямдан кайтып калбайм, же коркуп калбайм, болгону кыз кишиге ушундай нерсе жөнөтүү, ушундай мамиле кылуу туура эмес деп ойлойм!

 Кудай деген пендемин, баарыбыз бир гана улуу Аллах Тааланын алдында гана алсызбыз, Жараткандын алдында гана күнөө кылуудан коркушубуз керек жана Мыйзам алдында гана жооптуубуз!

Бул көрүнүш мага эмес коомчулукка болгон коркунуч, бүгүн мага карата болгон коркутуу, эртең дагы бирөөнүн башына келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Бүгүн, тиешелүү жактарга арыз жаздым, сураныч коомчулук дагы, активист байке-эжелер дагы кайдыгер карабай оюуңуздарды билдирүүгө чакырам!Улуттук коопсуздук комитети баштаган тиешелүү органдар посылка жөнөткөнүн дагы, буйрутма бергенин дагы таап, Мыйзам чегинде чара көрүп, мага коркунуч туулбай, зыяны тийбей тургандай чечип берүүңүздөрдү суранам!

Ачык айтуу керек кектешкен кас-душманым деле жок, жөнөкөй бир пендемин, болгону мен айткан чындыктар кимдир бирөөлөргө жакпай калса керек деп ойлоп жатам.

Мекен үчүн, элим үчүн, жерим үчүн, жаштар үчүн, чындык үчүн тилимди, башымды кесип кетсе дагы, позициямдан кайтпайм, жазганым жазган, айтканым айткан!

Сүрөт жашы жетелектерге жана нерв, жүрөк оорусу бар адамдарга көрүүгө сунушталбайт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости