www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алат.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт.

Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер ЕвроБиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

Фестивалдын көпчүлүк тасмалары кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Венециядагы «Ыйык Георгий» кинофестивалынын лауреаты, «Sawah» Флоренция кинофестивалынын лауреаты, Амстердам жана Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын жеңүүчүсү «Бейиштеги бейтааныш» жана башкалар.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура тапты. Бир жагынан, майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү - чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр ж.б. Бирок онлайн форматтын дагы жакшы жактары бар - тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот», - деди алдыдагы иш-чараны жарыялап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр.

Фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д'Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости