www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-мартта Доха аэропортунун паркында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбековдун жана Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бак отургузуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган акция Катар Мамлекетинин Париж келишимине милдеттенмесинин алкагында өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган "Миллион дарак отургуз" демилгесинин иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Экологиялык демилге биологиялык ар түрдүүлүктү жайылтууга, абанын сапатын жакшыртууга жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга багытталган.

Белгилей кетсек, бир миллион бак отургузуу демилгесин колдоо максатында Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги https://www.mme.gov.qa/static/million-tree атайын сайтын ачты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости