www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Госпиталга болгон чабуулдан 6 киши каза тапты

Сириянын батышындагы Алеппо провинциясындагы Эль-Атариб шаарындагы госпиталды артиллериялык аткылоодон жай тургундар курман болду. Каза болгон алты кишинин арасында балдар дагы бар.

Бул тууралуу Эл аралык куткаруу комитетинин билдирүүсүндө айтылат. Жаракат алган 16 кишинин бешөө медицина кызматкери болгон.

Госпиталга жасалган чабуул 2020-жылдын мартында жарыяланган Орусия менен Түркиянын убактылуу тынчтык келишимин бузду. Түркиянын коргоо министри жана аскер байкоочулары жекшемби эртең менен Сирия өкмөттүк артиллериясы госпиталдын башкы кире беришине сокку урганын кабарлаган.

17 айдан бери алгачкы жолу 20-мартта Түркия Сириянын түндүгүндөгү «Сирия демократиялык күчтөрү» ээлик кылган күрд аймагына сокку урган. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы» маалымдады.

Акыркы жолу 2019-жылы октябрь айында Анкара Элдик коргонуу кошуунуна каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштаганда Сирияда ушул сыяктуу куралдуу чабуул болгон. Анкара Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги канаты болгон Элдик коргонуу кошуунун (YPG) өлкө ичиндеги күрд жикчилдери, анын ичинде Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террористтик уюм деп эсептейт. Кошуун болсо дооматтарды четке кагып келет.

«Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын» маалыматында 2011-жылы башталган Сириядагы жарандык чыр-чатактын курмандыктары 388 миңден ашык адамга жетти. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде согуш аймактарынан үй жайын таштап качкан сириялыктардын саны 5,6 млн. адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости